Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Алай: Келдибековдун тарапкерлери чогула баштады


Гүлчө айылында Келдибековду бошотуу талабы менен жүздөй адам чогулганын акциянын уюштуруучуларынын бири Акылбек Ирисов “Азаттыкка” билдирди. Бир боз үй тигилип, Келдибековду коргоо комитети да түзүлдү. Комитеттин курамында 18 адам бар. Нааразылык акциясы Гүлчө айыл өкмөтүнүн кире беришинде, Ош-Эркеч-Там жолунун боюнда уюштурулууда.

Ушул тапта райондун акими Таалайбек Сарыбашев комитеттин эки мүчөсү менен жолугуп, талаптарын угуп жатканын билдирди. Акимдин айтымында, Келдибековдун тарапкерлеринин арасында агрессивдүү маанай байкалган жок. Талаптарын тынчтык жолу менен бийликке жеткирүү аракети көрүлүп жатат.

Акматбек Келдибеков 20-ноябрда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Башкы прокуратура аны 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон деп айыптоодо. Келдибеков муну саясий куугунтук катары баалап, бийликтин буйругу менен болду деп эсептейт. (SE)

XS
SM
MD
LG