Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Кыйноо колдонгон милиция алты жылга кесилди


Сурак учурунда кыйноо амалдарын колдонгону үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери Адилет Мотуев алты жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Свердлов райондук соту 26-ноябрда чыгарганын Башкы прокуратурадан билдиришти. Мотуев камак мөөнөтүн күчөтүлгөн режимдеги колонияда өткөрөт.

Мотуевдин үстүнөн прокуратура быйыл 10-июлда кылмыш ишин козгогон. Ал "Аманкулов аттуу жаранды телефон уурдаган деп кармап, күнөөнү мойнуна алдыруу үчүн кыйнады" деп айыпталган. Маалыматта айтылгандай, Мотуев кармалган жарандын башына баштык кийгизип, колун кишен менен кысып кыйнаган.

Башкы прокуратурага жыл башынан бери кыйноолорго даттанып, 208 арыз түшкөн. (SE)

XS
SM
MD
LG