Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:23

Ошто мигрант укугуна арналган тасмалар көрсөтүлөт


Ош шаарындагы “Семетей” кинотеатрында 17-декабрь күнү мигранттардын укуктарына арналган даректүү тасмалар акысыз көрсөтүлөт. Бул тууралуу адам укуктары боюнча “Эдвокаси” борборунан билдиришти. Акысыз тасма көрсөтүү мигранттардын эл аралык күнүнө карата уюштурулуп жатат.

Кыргыз жана чет өлкөлүк режиссерлордун эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүнө арналган тасмалары "Борбор Азия аракетте" долбоорунун алкагында сунушталууда. Маданий иш-чараны Эл аралык коргоого көмөктөшүү борбору, "Бир дүйнө Кыргызстан" коомдук уюму, Ош шаардык мэриясынын жаштар комитети, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы биргеликте өткөрөт.

Көрүүчүлөр үчүн "Бишкек-Москва-Бишкек", "Корей ханзаадасынын артынан барып...", "Иштеген коноктор", "Жол: өмүр, өлүм тууралуу баян" жана "Түйшүк" аттуу даректүү тасмалар коюлат.

БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2000-жылы 18-декабрь - мигранттардын эл аралык күнү деп жарыяланган. (SE)

XS
SM
MD
LG