Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Бирдиктүү формага сынак жарыяланды


Баткендеги мектеп окуучулары. 30-сентябрь, 2013-жыл
Баткендеги мектеп окуучулары. 30-сентябрь, 2013-жыл

Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мектептердин 1-классынан тартып, 11-класска чейинки окуучуларга бирдиктүү мектеп формасын кийгизүү талабы мыйзам менен бекитилип, ага өткөн жылдын 30-июлунда президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Билим берүү жана илим министрлиги бул мыйзамды ишке ашыруу максатында 20-январдан тартып, сынак жарыялады. Министрликтин Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын адис кызматкери Салтанат Мамбетованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, окуучуларга бирдиктүү форма кийгизүү талабын ата-энелер буга чейин да коюп келген:

- 2009-жылы өкмөттүн токтому менен башталгыч класстардын окуучулары үчүн бирдиктүү форма иштелип чыккан, ал үлгүдөгү кийимдерди 1-4-класстын окуучулары бүгүнкү күнгө чейин кийип жүрүшөт. Ошондон кийин ата-энелер ушундай эле бирдиктүү форма маселесин орто жана жогорку класстардын окуучулары үчүн да чечүүнү талап кылып, кайрылып келишкен. 2013-жылы ата-энелердин жана окуучулардын каалоосу менен билим берүү тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизилип, 1-11-класстардын окуучулары үчүн бирдиктүү форма кийгизүү чечими кабыл алынган.

Бирдиктүү мектеп формасынын эскиздери үчүн жарыяланган сынак 30-январда жыйынтыкталат, экинчи этабы 20-февралда болот. Калыстар тобуна бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү, ата-энелер, мектеп окуучулары киргизилген.

Буга чейин мектепте кийилген форманы ар бир мектеп өз уставына жараша чечип келген. Жыл сайын жаңы окуу жылы башталган учурда ата-энелер менен мектеп жетекчиликтеринин ортосунда пикир келишпестиктер болбой койчу эмес. Мындан өзгөчө мектепке кыздарын жоолук менен жиберген ата-энелер менен мектеп жетекчилеринин ортосундагы көйгөйдү баса белгилөөгө болот. Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Кылым Сыдыкназарова мектепке жоолукчан келүүгө уруксат берилген, бирок бирдиктүү мектеп формасын кийирүү менен бул маселе дагы каралат:

- Сынак жыйынтыкталса, анда утуп чыккан үлгүлөр каралат. Бирдиктүү форма менен камсыз кылуу, каржылоо жагы азырынча карала элек, ал тууралуу айта албайбыз. Мыйзам менен бекитилгенден соң, критерийлери эми иштелип жатат.

Бул жолу кыздар кийчү көйнөктүн узундугуна чейин каралмакчы, окуучулардын кыймылына туура келген, алардын ден соолугуна зыян келтирбей турган мектеп формасын тигүү жагы каралып жатат. Ал эми жоолук маселеси боюнча айтсак, мектепке жоолукчан келүүгө уруксат бергенбиз. Ошентсе да сынак жыйынтыкталып, бирдиктүү формага өткөн соң бул маселе каралат. Көпчүлүк ата-энелер “биздин диний ынанымдарыбызга туура келбейт, баш ийбейбиз” деп айтышы мүмкүн. Бирок мыйзам бар, ал мыйзамга баш ийүүбүз керек. Ошол бирдиктүү талапты ар бир ата-эне, ар бир бала аткарууга милдеттүү.

Кыргызстанда жалпы билим берүүчү мектептердин арасында жеке менчик мектептер да бар. Алардын ичинде Эл аралык “Себат” билим берүү мекемеси 22 жылдан бери өзүнүн мектептеринде балдарга бирдиктүү форма кийгизип келет. Эми жалпыга бирдей мектеп формасы киргизилсе, ага өтүү тартибин да карап көрөбүз деди “Азаттыкка” курган маегинде Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин вице-президенти Исмаил Сойсал:

- Бизге туура келсе өзгөртөбүз. Бирдиктүү форма кийгизүүнүн жаман жагы жок, балдар бирдей кийинсин, ынтымак, тартип болсун деген гана максат. Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринде кандай болсо, ага жараша өзгөртүп коюуга шарт бар. Муну өз убагында ата-энелер менен, окуучулар менен кеңешип карап көрөбүз.

Мектеп окуучулары үчүн бирдиктүү форма кийирүү маселесин мыйзамдаштыруу менен, системалуу түрдө чечүүгө далалаттануу жакшы жөрөлгө. Анткени буга чейин мектеп формасы тууралуу маселеде көбүнчө мектеп жетекчилери менен мугалимдер ур-тепкиге алынып калчу деген пикирин Билим берүү жана илим министрлигинин Байкоочу кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Сайназаров “Азаттык” менен бөлүштү:

- Бул мектеп формаларынын канчалык деңгээлде жөнөкөй жана коюлуп жаткан максаттарды аткара ала турганы негизги орунга чыгарылууга тийиш. Анткени, бирдиктүү мектеп формасы деген талап коюлуп жаткан соң, ал ата-энелер, окуучулар үчүн жеткиликтүү болуусу керек.

Жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары үчүн бирдиктүү мектеп формасын кийирүү тууралуу мыйзамга ылайык жүргүзүлүп жаткан сынактын эрежелери боюнча балдардын мектеп формасы санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берген кездемелерден тигилүүсү жана улуттук элементтерди камтыган классикалык үлгүдө болуусу тийиш.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG