Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Египетте адегенде президенттик шайлоо өтөт


Египеттин убактылуу президенти Адли Мансур өлкөдө президенттик шайлоо парламенттик шайлоого чейин өтөөрүн жарыялады. Бул өткөн жылы исламчыл президент Мухаммед Мурси генералдар тарабынан бийликтен кулатылган соң кабыл алынган «жол картасын» өзгөртүү болуп саналат. "Жол картасына" ылайык, парламенттик шайлоо президенттик шайлоону утурлай өтүшү керек эле. Бирок ай башындагы референдумдун жыйынтыгы боюнча бул чечимди Мансур өзү кабыл алмак. Адли Мансур президенттик шайлоонун мөөнөтү тууралуу маалымат берген жок, бирок жакында өтөөрүн белгиледи.

Мансурдун бул билдирүүсү Египет армиясынын жетекчиси генерал Абдель Фаттах Сиси президентикке өз талапкерлигин коёт дегенди түшүндүрөт деген ойлор айтылууда.

Египетте ишембиде экс-президент Хосни Мубарактын бийликтен кетишинин үч жылдыгына байланыштуу бир катар шаарлардагы кагылышууларда кеминде 49 адам мерт кеткени кабарланууда. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, полиция менен кагылышууларда 247 адам жараат алды. Ички иштер министрлиги миңден ашуун адам камалганын маалымдады.

Египетте ишемби күнү түрдүү шаарлардагы манифестацияларга миңдеген адамдар катышты. Алардын айрымдары учурдагы аскердик бийликке колдоо көрсөтүшсө, башкалары аскерий бийлдик тарабынан кулатылган исламист-президент Мохаммед Мурсинин колдоочулары (AiK).

XS
SM
MD
LG