Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:56

Кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланат


Бүгүн кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги сүйлөшүү өткөнү жатат. Жолугушуу каерде өтөөрү тууралуу азырынча маалымат жок. Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашкандай, кыргыз тараптан ага Чек ара мекемесинин Башкы штабынын башчысы Искендер Мамбеталиев жана өкмөттүн бөлүм башчысы Алик Мамыркулов катышат. Ал эми тажик тараптан президенттин коопсуздук боюнча жардамчысы Шерали Хайруллоев менен Чек ара аскерлеринин башчысы Ражабали Рахмонали катышат.

Жолугушууда былтыр 15-январда кабыл алынган чечимдин аткарылышы талкууланат. Ал күнү эки тарап чек арага жакын айылдарга тартылган кошумча аскердик күчтөрдү кайра артка алып кетүү тууралуу сүйлөшкөн болчу. 11-январда Баткенде Кыргызстан куруп жаткан унаа жол боюнча чатак чыгып, атышуу болгон. Тажик тарап ал жерди талаштуу деп эсептейт. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG