Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:37

Алжирде кыйраган учакта жүздөй киши набыт болду


Алжирдин чыгышында аскерий учак кырсыкка учурап, 100дөй киши каза тапканын өлкөнүн коопсуздук күчтөрү билдирет. Алжир радиосу өлгөндөрдүн саны 99 десе, менчик Ennahar TV каналы 103 киши жарыкчылык менен кош айтышканын кабарлап жатат. Геркулес C-130 үлгүсүндөгү учак аскер адамдары менен алардын үй бүлөсүн өлкөнүн түштүгүндөгү чөлдөн салып баратканда, Алжирдин баш калаасынан 500 чакырым алыстагы Ум - эл Буахи провинциясында кырсыкка кабылган. Аман калгандар жана кырсыктын себептери тууралуу маалымат айтыла элек.

XS
SM
MD
LG