Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:20

Лукаш: Кумсалардын укугун коргоочу эмесмин


Бул тууралуу бүгүн жарандык активист Илья Лукаш “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ал кумсалардын укугун коргоо боюнча акцияларды уюштурган эмес. Бир гана жолу социалдык тармактарда кумсалардын таламын коргогон комментарий жазган. Мындан улам Лукаш бүгүнкү анын сүрөтүн өрттөп, кумсаларга каршы чыккан акцияны териштирип, керек болсо тартип коргоо органдарына кайрылаарын билдирди.

Бүгүн 50гө жакын адам АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдына кумсаларга каршы акция өткөргөн. Алар кумсалардын укугун коргойт деп Илья Лукаштын сүрөтүн өрттөгөн. (BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG