Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Адвокат: Царнаевдин айыбынын мыйзамдуулугун териштирүү керек


2013-жылы Бостондогу жардырууну уюштурууга айыпталган Жохар Царнаевдин адвокаттары прокуратуранын өлүм жазасын сураган айыбы АКШнын конституциясына каршы келерин эске алуусун соттон өтүнүүдө.

Адвокаттар АКШда соңку кезде жогорку жазага тартылгандардын саны өсүп баратканын белгилеп, Массачусетс штатында өлүм жазасына тыюу салынганын айтууда. Прокуратура болсо айыпталуучу штаттын эмес, федералдык бийликтин юрисдикциясында экенин эскертүүдө.

Шаршембиде Царнаевдин адвокаттары ал кармалгандан кийинки алгачкы 36 сааттагы көрсөтмөлөрүн кылмыш иштен алып салууну суранып, муну 20 жаштагы жигит алган жараатынан эс-мас абалда жатканда сурак берген деп негиздейт.

Ушул жылдын 3-ноябрында Царнаевдин үстүнөн сот башталат. 2013-жылдын 15-апрелинде Бостон шаарындагы марафон маалында болгон үч жолку катар жардыруулардан үч киши набыт болуп, 280 киши жараат алган. Аны уюштурду деген кине ага-ини Царнаевдерге тагылууда.

XS
SM
MD
LG