Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Са́ра Бра́йтман августта космоско учууга даярдана баштайт


Британиялык ырчы жана актер Са́ра Бра́йтман космоско учуу үчүн даярдыкты августта же сентябрда баштайт. Орусиянын космостук машыгуулар борборунун башчысы Юрий Лончаков 27-июнда билдиргенге караганда, Брайтман айым Гагарин атындагы космонавттарды машыктыруу борборунда эл аралык экипаж менен чогуу даярдыктан өтөт.

Мурда маалымдалгандай, 53 жаштагы атактуу ырчы 10 күндүк космостук саякат үчүн 50 миллион доллардан ашык акча төлөгөн. Сара Брайтман космосто ырдаган биринчи профессионал музыкант болом деген үмүттө. Ал 2015-жылы 4-октябрда орусиялык космонавт Сергей Волков жана Европа космостук агенттигинин астронавты Андреас Могензен менен “Союз” кемесинде учат деп мерчемделүүдө.

XS
SM
MD
LG