Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:26

Бразилия 2014: Алжирдин тарыхый күнү


Алжир-Орусия беттешүүсү, 26-июнь 2014-жыл
Алжир-Орусия беттешүүсү, 26-июнь 2014-жыл

Футбол боюнча дүйнө чемпионатында кечээ Алжир Орусия менен тең чыкканы менен биринчи жолу тарыхта турнирдин эмки айлампасына чыкты. Орусия болсо Бразилия менен кош айтышууда.

Бул түнү Алжирде гана эмес, Франциянын булуң-бурчундагы шаарлар да таң атканга чейин кадимкидей майрамга бөлөндү.

Улуттук желекке оронуп алган футбол ышкыбоздору Париждеги Елисей талаасынын чак ортосуна топтолуп, “Жашасын Алжир!” деген ураан жаңырып турду.

Курама команданын дүйнө чемпионатынын эмки айлампасына квалификацияланышын “тарыхый учур” деп баалап, атүгүл “экинчи эгемендик” деп аташкандар да бар.

Кечээ Орусия менен матчты 1-1 эсебинде бүтүргөн алжирдиктер тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпионатында өз тобунда 2-орунду ээлеп, мелдешти улантуучу 16 команданын катарына кошулду.

Арийне, акыркы таймашуу алар үчүн оңой болгон жок. Буга чейин мыкты оюн көргөзө албаган Орусия футболчулары дароо чабуулга өтүп, 6-мүнөттө эсепти ачышты.

Алжирге жооп кайтаруу үчүн 60 мүнөткө чейин күтүүгө туура келди.

“Бул – тарыхый окуя. Азыр эмне болгонун түшүнө албай турабыз. Оюнду бүтүндөй Алжир элине арнадык. Германия менен беттешүүгө биз аутсайдер катары чыгабыз. Бирок бүгүнкүдөй эле бар күчүбүздү жумшайбыз”, - деп комментарийледи оюн аяктагандан кийин жарым чабуулчу Ясин Брахими.

Матчтан кийинки пресс-конференцияда Орусия командасынын машыктыруучусу Фабио Капелло гол киргизгенде, дарбазачы Игорь Акинфеевдин көзүнө лазер нурун чагылдырышканын, аны далилдеген сүрөт, видео бар экенин айтып, арбитрдин айрым чечимдерине нааразылыгын жашырган жок. Бирок дарбазачы өзү лазер нуру ага тоскоолдук кылбаганын моюнга алды.

Ал эми Алжирдин машыктыруучусу Вахид Халилходжич эч кандай лазерди байкабаганын, “аны кафе-барларда талкуулашсын. Бул жерде футбол тууралуу кеп кылып атабыз. Эки команда тең өздөрүн спорт эрежелерине ылайык алып барышты” деген жообун узатты.

Ошентип, бул топто акыркы оюнда кореялыктарды 1-0 уткан Бельгия менен Алжир турнирди улантышат. Орусия жана Түштүк Корея болсо Бразилиядан кетүүгө даярданышууда.

Чемпионат менен G тобундагы Гана жана Португалия да кош айтышты. Роналдонун командасы Гана менен акыркы оюнду 2-1 жеңгени менен, бул - эмки айлампага чыгуу үчүн жетиштүү болбой калды. Ал матчта Роналдо жана ганалык Асамоа Гьян ар бири дарбазага 9 жолудан тээп, буга чейин Швейцария менен таймашта франциялык Карим Бензема койгон рекордду жаңылашты.

Алардын тобунан Мундиалды АКШ жана Германия улантышмай болду. Америкалыктар немистерге 0-1 жыдыганы менен, буга чейин Гананы жеңип, Португалия менен тең чыгышы, плей-оффко жол ачты.

Спорт журналисттери АКШнын бул ийгилиги бейсбол, америкалык футбол же баскетболго артыкчылык берилген өлкөдө футболго кызыгууну арттырат деп боолгошот.

Арийне америкалыктарга бул ирет оңой эмес атаандаштар туш келди. Алсак, Гана 2006 жана 2010-жылы дүйнө биринчиликтеринде америкалыктарды жеңип алган.

Адистер футболчулардын чеберчилигинин жогорулашын немис машыктыруучу Юрген Клинсманндын келиши менен байланыштырышат. 1990-жылдарды Маншафттын чабуулчусу жана капитаны, 2006-жылкы чемпионатта болсо Германияны үчүнчү орунга чейин алып келген Клинсманн 2011-жылдан бери океандын ары жагында иштеп атат.

АКШ президенти Барак Обама АКШ-Германия матчын көрүүдө, 26-июнь 2014-жыл
АКШ президенти Барак Обама АКШ-Германия матчын көрүүдө, 26-июнь 2014-жыл

Кечээки оюнду президент Барак Обама да Миннеаполиске бараткан жолдо учакта көрүп отурду. Анын алдында болсо Твиттерде "BELIEVE” же “Ишенем” деп жазып футболчуларга колдоосун билдирген.

Эмки айлампада АКШ Бельгия менен таймашат.

Бүгүн чемпионатта чечүүчү беттешүүлөр алдындагы тыныгуу. Ишембиде алгачкы плей-офф жүз пайыз латын америкалык болмокчу. Адегенде Чили менен Бразилия, кийин Уругвай менен Колумбия ойношот. Баса, ФИФАнын дисциплинардык комитети Уругвайдын чабуулчусу Суарести матч учурунда италиялык атаандашын тиштеп алгандыгы үчүн дисквалификациялады. Ага улуттук команданын курамында 9 оюнга катышуусуна жана 4 айга бардык футболдук ишмердигине тыюу салды. Андан тышкары 100 миң франк айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

XS
SM
MD
LG