Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Өзбек Улуттук коопсуздук кызматында массалык камоо болгону айтылууда


“Азаттыктын” өзбек өкмөтүнө жакын маалымат булагынан кабарлашкандай, Улуттук коопсуздук кызматынан 40ка жакын офицер иштен алынды же камалды. Кабарда камалгандардын арасында бул структурадагы эң таасирлүү адамдардын бири, полковник Жавдат Шарифхожаев да бар экени айтылган.

Өткөн аптада болгон бул окуя тууралуу азыркыга чейин расмий билдирүү таратыла элек. Эгер ал чын экени ырасталса, анда соңку бир айдын ичинде эле Өзбекстандын укук коргоо органдарында экинчи жолу массалык орун алмашуу болгонун айгинилейт. Буга чейин өлкөнүн Бажы комитетинде иштеген 100дөй кызматкер коррупция үчүн айыпталып камалганы кабарланган. Өзбек бийлиги ал окуя тууралуу да расмий комментарий берген эмес.

XS
SM
MD
LG