Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

УОК бийликти жаш активисттерге кысымды токтотууга чакырды


Улуттук оппозициялык кыймыл (УОК) бийликтин жаштардын "Жаңы муун" уюмунун мүчөлөрүнө каршы саясый куугунтугун айыптайт. Бул тууралуу аталган кыймыл тараткан билдирүүдө айтылат. Оппозициянын пикиринде, жаштар "бийликке сын айтканы үчүн басымга кабылууда" жана "анын артында президент Алмазбек Атамбаев, айрым тартип коргоо органдарынын жетекчилери турат".

“Жаңы муунга” мүчө жаштар Ошко газ алып келүү талабы менен 9-июнда Ак үйдүн жанында “Тезекпром” аттуу акция өткөргөн. 3-июль күнү Баткендеги чек ара көйгөйлөрүн чечүү талабы менен “Шералынын чокойу” акциясын уюштурган. Эки иш-чарада тең катышуучуларды милиция кармап кеткен.

Милициянын айтымында, алар акция өткөрүүгө уруксат албаганы үчүн кармалган, бирок ошол эле күнү кое берилген. (BkA)

XS
SM
MD
LG