Митингчилерди милиция кармап кетти
21-июлда Жогорку Кеңештин алдына чыккан 30 чакты адамды милиция кармап кетти. Алар Аламүдүн районунда жер тилкелери сатылышына каршы чыгып, жерди депутат Самаков мыйзамсыз кестирип алып, жер тилке катары сатып жатканын айтып жатышкан. Митингчилер жерди андан кайтарып алуу талабын коюп турушкан эле.