Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Кремлдин кылтагына дагы төрт уюм илинди


Орусия -- "Мемориал" уюмунун дубалына бирөө жазып кеткен " Чет элдик агент" деген жазуу.Москва, 21-ноябрь, 2012.
Орусия -- "Мемориал" уюмунун дубалына бирөө жазып кеткен " Чет элдик агент" деген жазуу.Москва, 21-ноябрь, 2012.

Орусия өкмөтү 11 бейөкмөт уюмду "чет элдик агент" деп атады. Ал арада бул уюмдардын өкүлдөрү болсо Мамлекеттик Дума 2013-жылы чыгарган талаштуу мыйзамга таянып, Кремль аларды жабууну көздөп жатканын айтууда.

Орусиянын Юстиция министрлиги 2013-жылкы талаштуу мыйзамдын негизинде чет жактан каржыланган деген уюмдардын "кара тизмесине" "Мемориал", "Коомдук өкүм", Юрикс" жана "Экокоргоо" уюмдарын кошту. Алардын ичинен эң таанымалы "Мемориал" укук коргоо тобу билдиргендей, «кара тизмеге» киргизүү менен Кремль уюмдардын ишмердүүлүгүн чектөөдө.

"Мемориал" тараткан билдирүүдө "тизмеге мажбурлап мурда жана жаңы киргизилген уюмдардын бардыгы Орусиянын кызыкчылыгы үчүн иштээрине терең ишенебиз. Анткени алар жарандардын укугун, аны менен кошо ошол эле аткаминерлерден коргоп келишет" деп айтылат.

Бейөкмөт уюмдардын сотко кайрылууларына карабастан, министрлик аларды мажбурлап тизмеге кошуп жатканын адвокат Фурхат Тишаев "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдирди: - Бул уюмдардын ишмердүүлүгүнө бир топ жолтоо болот. Эми бир нерсени коомчулукка чыгаруудан мурда алар он жолу ойлонушат. "Кара тизмеге" киргендердин иши, өзгөчө коомчулук менен байланыш жагы бир топ чектелет.

Мыйзамга ылайык, тизмедеги бейөкмөт уюмдар коомчулукка чыкканда "чет элдик уюм" экенин жазуу же оозеки түрүндө билдириши керек. "Албетте мындан ары алар эл алдына чыкпай калат деп айтууга болбойт. Бирок ар бир жолу "чет элдик уюм экенин билдирип туруусу абзел", - дейт адвокат Кирилл Каратаев. Тизмеге жаңы кирген төрт уюмдун өкүлдөрү болсо коомчулукка сүйлөөрдөн мурун ички саясатын өзгөртүү зарылдыгын айтып, комментарий берүүдөн баш тартышты.

Мыйзам боюнча бейөкмөт уюмдар жылына эки ирет өз ишмердүүлүгү жана жетекчилиги тууралуу өкмөткө отчет берип турууга милдеттүү. Ошондой эле жылына төрт жолу чет өлкөлөрдөн алган акчалай жана башка жардамдын документтерин тиешелүү органдарга көрсөтүп, жылына бир жолу интернет аркылуу же башка жолдор менен коомчулукка эмне иш кылганын жарыялап турушу абзел.

Адвокат Каратаевдин айтканына караганда, мыйзам эл үчүн болгон күчүн салып иштеген уюмдардын ишине тоскоол болот. Мыйзамды бузгандар чоң айып пулга жыгылып, ал тургай жабылганга чейин барат.

Юстиция министрлиги тизмени узарткандан кийин президент Путин Орусия Федерациясынын Коопсуздук кеңеши менен жыйын өткөрүп жатып жарандык коомго дагы токтолду. Эч кандай катаал чаралар көрүлбөсүн айтып, ошону менен бирге чет элдик атайын кызматтар өлкөнүн “төбөлсүздүгүнө шек келтирүүдө” деп кошумчалады.

Президент "биз жарандык коомдун жигердүү аралашуусу менен башкарууну өнүктүрүп жана эң башкысы жаштарыбызды мекенчилдикке үндөп, туура тарбиялап, өлкөбүздүн келечеги үчүн жоопкерчиликтүү боло алабыз", - деп Москва кандай жардам күтөөрүн белгиледи.

Ошол эле маалда Путин жарандык коомду экстремизм жана радикализмге каршы бирге күрөшүүгө чакырды.

Ал эми бейөкмөт уюмдардын адвокаты Тишаев Орусиядан акыйкат таппаса, Страсбургдагы Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG