Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Сирияда жихадчылар тарабынан ондогон аскерлер өлтүрүлдү


Сириянын Ракка провинциясында өкмөттүк аскер күчтөрүнүн элүүдөн кем эмес аскери өлтүрүлдү. Улуу Британиянын Ковентри шаарындагы сириялык укук коргоочулары өз булактары аркылуу тактаган маалыматка ылайык, аскерлер жихадчылардын буктурмасына кабылып өлтүрүлгөн. Салгылашуу Сириянын түндүк тарабында, “Ирак жана Леванта ислам мамлекети” тобунун базасы жайгашкан Еврат дарясынын боюнда болду. Жихадчылар 75тин тегерегинде аскер кызматкерлерин туткундап, өлтүрүшкөнүн тастышкан.

Президент Башар Асаддын жакындары жана расмий булактар бул тууралуу комментарий бере элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG