Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Түштүк Корея Кыргызстандагы мунай маселесин чечүүгө кызыкдар


Түштүк Кореянын улуттук мунай корпорациясынын жетекчиси Тай Бок Ли бүгүн Бишкекте вице-премьер-министр Валерий Диль менен жолугуп, Кыргызстандагы мунай тармагын талкуулады. Жолугушуу өкмөт үйүндө болду. Тараптар негизинен Кара-Балтадагы жана Токмоктогу мунайды кайра иштетүүчү заводдорду чийки зат менен камсыздоо боюнча сүйлөштү. Тай Бок Ли бул жаатта кызматташууга корей өкмөтү кызыкдар экенин билдирди. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында, жакын арада мунай заводдорун чийки зат менен камсыздоо боюнча оптималдуу чечим кабыл алуу зарылдыгы белгиленди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. (SE)

XS
SM
MD
LG