Украинанын чек арасынын жанындагы орусиялык гуманитардык кербендин жанында ондогон бронетехникалар (БТР) турганы кабарланды. 280 жүк тартчу машинеден турган автокербен Чыгыш Украинага акшак, балдардын тамактарын, суу, дары-дармек, чатыр, электрогенератор жана башка заттарды алып баратат. Украинанын жана Батыштын расмийлеринин айтымында, Москва гуманитардык кербенди Украинага аскер киргизүү үчүн пайдаланышы ыктымал. Мындай кепти Кремл четке каккан. Кербен 14-августа чек арага 20 чакырым чукул Каменск-Шахтинский шаарынын четиндеги талаага токтогон соң ага бронетехникалар кошулган.
Британдардын The Guardian жана The Telegraph гезиттеринин кабарчылары 14-августта гуманитардык кербенди жандаган 20дан ашуун бронетехника Украинага Орусиянын Ростов облусунан өткөнүн жазышты. Украин армиясы бул маалымат текшерилип жатканын билдирди.