Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Жалал-Абадда укук коргоочу Махамажан Абдужапаровго кол салуу болду


4-сентябрда эртең мененки саат 8:20да Жалал-Абад шаарындагы “Справедливость” укук коргоо уюмунун улук юристи Махамажан Абдужапаровго өзү иштеген кеңсенин жанынан белгисиз бирөөлөр кол салган. Бул тууралуу “Чек арадагы укук коргоочулар” уюуму билдирүү таратты. Күбөлөрдүн айтымында, укук коргоочуга кол салган адам аны жакадан алып, дубалга такап жатканда кароолчу келип ажыратып калган. Күбөлөр кол салган адам түшүп кеткен машиненин номерин көрүп калышкан. Абдужапаров милицияга арыз жазгандан кийин “Справедливость” уюмунун кызматкерине өзүн Улуттук коопсуздук комитетинин офицеримин деп тааныштырган бейтааныш бирөө телефон чалып, укук коргоочу арызын кайра алсын деп коркуткан.

“Чек арадагы укук коргоочулар” уюму Махамаджанов өз ишмердүүлүгүнө байланыштуу коркутууларга кабылып жатат деп билдирет.

XS
SM
MD
LG