Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:52

Ачкачылык акциясы жаңы талаптар менен уланат


Акцияны уюштуруучулардын бири, “Прогресс” фондунун жетекчиси Адил Турдукуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, мурдагы талаптарга Ошту газ менен камсыз кылуу, “Кыргызгаз” ишканасынын банкротко кептелгени үчүн анын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевди жоопко тартуу сыяктуу талаптар кошулат. Ошондой эле акцияга катышуу үчүн Ош облусунан өкүлдөр келди деди Адил Турдукулов.

Саясий ачкачылык акциясы 16-октябрда башталган. Нааразылыкка чыккандар электр энергиясына бааны көтөрбөөнү, үч фазалуу абоненттерди кыркууну токтотууну жана аны калыбына келтирүүнү, энергетикадагы Ширшовдун коррупциялык схемаларын толугу менен жоюуну, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди жоопко тартууну талап кылып жатышат.

Азырынча бийлик тараптан аларга жооп боло элек.

XS
SM
MD
LG