Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Өрттөлгөн акча


Өрттөлгөн акча
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00

Өкмөт алдындагы Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин бөлүм башчысы пара менен кармалды. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер Бишкектин тургунунан аркар-кулжага жана тоо эчкиге аңчылык үчүн лицензия жасап берүү үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн төлөмдөн тышкары 15400 доллар пара талап кылган. Бул паранын 9500 долларын алуу учурунда токой чарба кызматкери кармалды. Ал кармоо учурунда милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, алган акчасын өрттөөгө аракет кылган. Мындан сырткары анын үйүнөн уруксаты жок бир нече даана ок, аркар-кулжаларга аңчылык кылууга уруксат берген мыйзамсыз күбөлүктөр жана ири суммадагы акча табылган. Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин “пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иш козголуп, шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына камакка алынды.

XS
SM
MD
LG