Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:32

Пакистанда он тогуз согушкер жок кылынды


Пакистандын армиясы өлкөнүн түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы аба соккудан кеминде он тогуз согушкер жок кылынганын билдирди. Атайын операция маалында согушкерлер баш калкалаган беш жай талкаланды.

Пакистан армиясы талиптерге жана чет элдик согушкерлерге каршы соккуларды 15-июнда баштаган. Ошондон бери миңге жакын согушкер жок кылынганы айтылууда. Бул операцияларга байланыштуу жарым миллионго чукул тургун өз үйлөрүн таштап качышкан. Алар учурда атайын лагерлерде жашап жатышат.

2-ноябрда Индия менен чектеш аймактагы 45 кишинин өмүрүн алган жардырууга жоопкерчиликти “Талибан” кыймылы өзүнө алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG