Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:57

Укук коргоочу Токтакуновдун талабы сотто каралат


Укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун Бажы биримдигине кирүү боюнча өкмөттүн токтомуна наарызылыгы бүгүн Бишкек шаардык сотунда каралат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Токтакунов өзү билдирди. Ал кыргыз бийлиги Бажы биримдигине кирүү боюнча коомчулуктун макулдугусуз эле “Жол картаны” кабыл алганын туура эмес деп эсептеп, өкмөттүн токтомун сотко берген болчу:

-Бирок сот менин талаптарыма далилдер келтирилбегенин айтып, арызымды кайра артка кайтарган. Мен муну туура эмес деп эсептейм, анткени, Бажы биримдигине кирүү маселеси бүт кыргыз жарандарынын кызыкчылыгына тиешелүү.

Нурбек Токтакунов Бишкектеги райондор аралык сотко кайрылып, арызын кайра карап чыгууну суранган. (SE)

XS
SM
MD
LG