Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:22

Хэйгел: АКШ аскерлеринин Ооганстандагы вазийпасы бүтө элек


Бул тууралуу Пентагондун башчысы Чак Хэйгел 7-декабрда маалымдап, америкалык аскерлер эми ооган армиясын машыктырат деди. Хэйгел Ооганстандын чыгышындагы Жалалабад шаарынын жанындагы аскерий базада америкалык жана польшалык солдаттар менен кездешүүдө сүйлөп, АКШ жана анын өнөктөштөрү "Ооганстанда 12,5 миң гана америкалык жоокердин калтырылышы талибдерге каршы буга чейинки күрөштөгү ийгиликти колдон чыгарбайт" деген ишенимин айтты.

Бул өткөн айда Коргоо министрлигинен кетээри жарыяланган Хэйгелдин Ооганстандагы акыркы сапары. Ал Кабулдан Кувейтке багыт алды.

Президент Обама Хэйгелдин ордуна коргоо министринин мурдагы орун басары Эштон Картерди сунуш кылган.

XS
SM
MD
LG