Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Рублдин долларга карата курсу оңолду


Москвадагы акча алмаштыруучу жай. 17-декабрь, 2014-жыл.
Москвадагы акча алмаштыруучу жай. 17-декабрь, 2014-жыл.

Шаршемби күнкү соодада курс бирде көтөрүлүп, бирде ылдыйлап олтуруп, Москва убактысы боюнча кечки жетиде бир доллар 61-62, евро 77-78 рублдин айланасында сатылды. Бул көрсөткүч 16-декабрь - “кара шейшембиге” караганда орус валютасынын доллар менен еврого карата туруму чыңдалды дегенди билдирет.

Москвадагы кеңешмеде сүйлөп жатып, премьер-министр Дмитрий Медведев буларга токтолду:

- Акча алмашуу бекеттеринен биз соңку күндөрү көргөн цифралар объективдүү картинага шайкеш эмес. Экономика жана бизнес үчүн ыңгайлуу диапазондон негизсиз чыгып кеткен. Бул жерде эмоция да өз ролун ойноду.

Орусия банкынын рублди колдоо чечимине карабай, шейшембиде бир доллар 80 рублга, евро 100 рублге чейин чыгып кеткен учурлар болду. Орус акчасынын курсу Каржы министрлиги өз карамагындагы чет элдик валютаны сата турганын жарыялагандан кийин көтөрүлдү.

Шаршемби күнү кечинде рублдин курсун турукташтыруу багытындагы кошумча чараларын Орусиянын Борбордук банкы да жарыялады.

"Борбордук банк банктар менен компаниялардын тышкы карызды төлөө боюнча камтамачылыктарын жоюу үчүн чет элдик валюта түрүндө каражат берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет” ,- деп айтылат шаршемби кечинде таратылган билдирүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG