Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Москвада каза тапкан мигранттын сөөгү Кыргызстанга эртең жөнөтүлөт


Бул тууралуу маркумдун жубайы, учурда Москвада жүргөн Чолпон Рахматова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, сөөктү Кыргызстанга алып келүүгө Москвадагы эмгек мигранттары, элчиликтин өкүлдөрү акча чогултуп беришкен.

Ак-Талаада туулган Кубанычбек Мамбетакунов 19-декабрда үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз кеткен. Анын сөөгү 20-декабрда өлүкканадан табылган. Милициянын маалыматында маркум жаңы жылдык кечеде ууланып өлгөн.

Маркум Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок айылында туулган. Анын эки кыз, бир уулу Нарында ата-энесинин колунда калган. Кубанычбек Мамбетакунов эки жылдан бери Москвадагы эмерек чыгарган ишканалардын биринде иштеп жүргөн. (UEz)

XS
SM
MD
LG