Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Башкы прокурор Аида Салянова кызматтан биротоло кетүүгө арыз берди


Аида Салянова
Аида Салянова

“Азаттыктын” Ак үйдөгү ишенимдүү булактары кабарлагандай, Аида Салянованын кызматтан биротоло бошотууну суранып, президентке жолдогон арызы 19-январь күнү президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаевге тапшырылды.

Башкы прокурордун кызматтан кетээр-кетпеси эми президент анын отставкасын кабыл алар-албасына көз каранды болот.

Мыйзам боюнча Башкы прокурорду кызматтан бошотууга Жогорку Кеңештин дагы макулдугу зарыл.

Буга чейин Аида Салянова 20 күндүк эмгек өргүүсүнө чыкканы, андан кийин биротоло кызматтан кете тургандыгы 25-декабрда кабарланган.

Президент Алмазбек Атамбаев 29-декабрда Башкы прокурорду “II даражадагы Манас” ордени менен сыйлоо боюнча жардыкка кол койгон.(UE)

XS
SM
MD
LG