Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Акматбек Келдибеков Кыргызстанга келди


Келдибеков сот жараянында. 2014-жыл.
Келдибеков сот жараянында. 2014-жыл.

Жогорку Кеңештин экс-спикери, депутат Акматбек Келдибеков 10-февраль күнү кечинде Кыргызстанга келгендигин анын бир туугандары “Азаттыкка” билдирди. Бул маалыматты депутаттын адвокаты Татьяна Чильникина да тастыктап, сот жараяндарына даярдык башталганын айтты:

- Кечинде Келдибеков Бишкекке кайтып келди. Бүгүн мен Биринчи Май райондук сотуна жараянды жандантуу маселеси боюнча кайрылдым. Азырынча Келдибеков эч кайсыл маалымат булактарына интервью же комментарий бербейт. Алдыдагы сот жараяндарына даярданабыз.
Маалыматка ылайык, экс-спикер Бишкекке Германиядан Алматыга аркылуу келген.

"Ата-Журт” фракциясынын коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айыпталган депутаты Келдибеков 2013-жылдын күзүндө камалган. Ага Бишкектин Биринчи Май райондук соту өткөн жылдын августунда чет өлкөдө дарыланууга уруксат берген. Тактала элек маалыматтар боюнча ал Германияда эмес, Дубайда экени да айтылып келген. (SE)

XS
SM
MD
LG