Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:50

Тыңчылыкка шектелген Муралиевдин абактагы мөөнөтү дагы бир айга узартылды


Өкмөт аппаратынын Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Алтынбек Муралиевдин тергөө абагындагы мөөнөтү бир айга узартылды. Бул тууралуу аталган чечимди кабыл алган Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Алтынбек Муралиев тыңчылык кылган деген кине менен кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына өткөн жылдын 1-ноябрында камакка алынган. Ага УКМК кызматтык жашыруун сырды чет өлкөгө берген деген берене менен кылмыш ишин козгогон, учурда тергөө иштери бүтө элек.

Алтынбек Муралиев 2013-жылы 11-октябрда ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен өкмөттүн Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Ага чейин ал аталган бөлүмдө эксперт жана ага эксперт катары иштеп келген. Ал мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу. (UEz)

XS
SM
MD
LG