Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Саудия Пакистандан согуштук колдоо сурап жатат


Пакистандын коргоо министринин айтымында, Йеменде шийит козголоңчулары менен согушуп жаткан Сауд Арабия баштаган коалиция Исламабаддан согуштук учак, согуштук кеме, аскер сурап кайрылды. Кавая Мухамед Асиф бул тууралуу Пакистан парламентиндеги талкууда баяндады. Пакистандын өкмөт башчысы Наваз Шариф бул миссияга ооз эки колдоо билдирген. Аталган коалиция Йемендин баш калаасы Сананы сентябрда басып алган козголоңчуларга каршы мындан жарым айча мурда операция баштаган. Перси булуңундагы башкы сунни өлкөсү болгон Сауд Арабиянын Пакистан менен жакын алакасы бар.

XS
SM
MD
LG