Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:41

Кылычбек Шакиров кызматтан кетти


Кылычбек Шакиров "Азаттыкта"
Кылычбек Шакиров "Азаттыкта"

“Кыргызалтын” ишканасынын вице-президенти Кылычбек Шакиров кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Мындай маалыматты ал өзү “Азаттыкка” тастыктады. Шакировдун айтымында, өкмөт анын билимин, тажрыйбасын тиешелүү деңгээлде баалабагыны үчүн ушундай кадамга барган.

- Өкмөт менин билимимди, кылган ишимди, тажрыйбамды тиешелүү деңгээлде баалаган жок. Мындай болбогон соң мен кызматымды тапшырып берүүнү чечтим.

Шакиров 2013-жылдын февраль айынан бери “Кыргызалтын” ишканасынын вице-президенттигин аркалап келген. Ал Кыргызстандын атынан “Центтерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болчу.

Кечээ “Кыргызалтын” ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу болуп Алмаз Алимбеков дайындалган. Анын талапкерлигин ишкананын директорлор кеңеши сунуштаганы айтылган.

Алимбеков буга чейин Экономика министрлигинде табигый ресурстар башкармалыгын, андан соң өкмөттүн Өнөр-жай жана отун-энергетика комплекси бөлүмүн жетектеген.

Токон Мамытов "Кыргызалтындын" башчылыгынан кеткен соң Кылычбек Шакиров компания жетекчисинин милдетин аткарып жаткан.(BkA)

XS
SM
MD
LG