Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

30-майга карата аба ырайы


30-майда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт, калган жерлерде жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир аймактарда 14 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28,
Таласта түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,
Баткенде түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10, күндүз 17...22,
Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 17...22,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 25…27 градус.

XS
SM
MD
LG