Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:34

УКМК Бек Борбиевге эскертүү берди


Бек Борбиев
Бек Борбиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ырчы Бек Борбиевге расмий эскертүү берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

“Борбиевдин интернетте жазган сөзү боюнча дайындалган филологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Анын негизинде ырчыга расмий эскертүү берилди”, деди Сулайманов.

Борбиев 5-майда Фейсбук баракчасына Кыргызстандагы уюлдук операторлордун бири өзбек тилинде кызмат көрсөтүп жатканын сындап, буга каршы атайын акцияга чыгуу керектигин, талабы аткарылбаса акция улана берерин айткан.

УКМК муну улут аралык бөлүп жарууга анча чоң эмес чакырык деп баалаган. УКМК өкүлү эгер ырчы мындан кийин дагы ушундай мазмундагы билдирүү тарата турган болсо кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин айтты. (МТо)

XS
SM
MD
LG