Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:23

Бакуда австриялык спортчуларды автобус коюп кеткен тасма боюнча полициячы иштен кетти


Австриялык спортчулар Верена Брейт (солдо), Ванесса Саинович жана Луна Пайер (оңдо).
Австриялык спортчулар Верена Брейт (солдо), Ванесса Саинович жана Луна Пайер (оңдо).

Полиция кызматкери Европа оюндарынын ачылышы алдында австриялык спортчулар тобун автобус коюп кеткени тартылган видео көзөмөлдүн тасмасын жайып жибергени үчүн иштен алынды. Бул чуулуу тасма Азербайжанда көптөгөн сайттарда дароо тосмолонуп, же алынып салынган. Бирок социалдык медиа аркылуу кеңири тарап кеткен.

11-июнда Бакудагы Олимп кыштагындагы жолдо Австриянын синхрондук сүзүү боюнча спортчуларын автобус коюп кетип, 15 жаштагы үч спортчу катуу жаракат алган. Алардын бири Ванесса Саиновичке Венада операция жасалып, эсине келбей жатат. Ал жүлүнүнөн катуу жабыркаган. Экинчи спортчу Луна Пайердин чыканагы сынып, үйүндө дарыланууда. Кабыргасынан жабыркаган үчүнчү спортчу Верена Брейт Бакуда кыска убакытка ооруканага жаткан.

Азербайжандын ички иштер министрлиги иликтөөлөр полиция кызматкери видео көзөмөлдүн тасмасын башкаларга берүү менен "олуттуу ката" кетиргенин көрсөткөнүн, ошол үчүн иштен алынганын билдирди.

XS
SM
MD
LG