Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:37

Журналист Орунбековго каршы доонун өлчөмү көбөйтүлдү


16-июнда Аламүдүн райондук сотунда журналист Дайырбек Орунбековго каршы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын доо арызы каралды. Башкы прокурор журналист Орунбеков өз макаласында президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирген деп, андан 1 млн. сом өндүрүүнү 17-апрелдеги доо арызында талап кылган. 16-июндагы сотто башкы прокурор доонун өлчөмүн дагы 1 млн. сомго көбөйттү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Дайырбек Орунбековдун коомдук коргоочусу Адил Турдукулов билдирди. Анын айтымында, буга Дайыр Орунбековдун сот жараяны башталгандан бери “Азия ньюс”, “Вечерний Бишкек” жана “Жаңы агым” гезиттерине берген маектери себеп болгону айтылды. Башкы прокуратура Орунбеков маектеринде мамлекет башчысынын аброюна шек келтирүүнү уланткан деп айыптаган.

Башкы прокурордун доо арызын кароо Аламүдүн райондук сотунда 22-июнда уланат.

Дайырбек Орунбеков 2014-жылы сентябрь “Мaalymat kg” интернет сайтына Ош окуясына байланыштуу макаласын жайгаштырган. Анда Ош окуясына саясий баа берүү маселеси көтөрүлгөн. Башкы прокуратура макалада айтылгандар президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына доо келтирген деп, кылмыш ишин козгоону талап кылган. Кийинчерээк доо арызды кароо Жарандык кодекстин негизинде жүргүзүлө баштап, журналистке каршы миллион сомдук доо коюлган. (AiT)

XS
SM
MD
LG