Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

"Соодасы бүткөн" соттор


Иллюстрация
Иллюстрация

Сот реформасын аягына чыгарууга азыркы бийликтин саясий эрки жетеби? Соттор Конституцияда жазылгандай көз карандысыз, акыйкат жана жоопкерчиликтүү болушу үчүн эмне кылуу керек? "Ыңгайсыз суроолор" ушул суроолорго жооп издейт.

Төрт жаштагы эгиздер Азиза менен Абдулазиз эне мээриминен ажырап, эки айдан бери Учкундагы балдар үйүндө. Мындай тагдырга туш болушуна алардын камактагы энеси себеп. Сагынычка толуп, эшикти үмүттүү караган көздөр кимди болбосун ойго салат.

28 жаштагы Аида Касымованы Биринчи май райондук соту 23-апрелде тергөө абагына камаган. Ал жарандарды “500 долларга алдап кеткен” деп айыпталып жатат. Жалгыз бой эне күнөөсүз экенин айтып, соттон үй камагына чыгарууну өтүнүп келет. Атүгүл акыйкатчынын жана айрым укук коргоочулардын Касымованы тергөө абагынан чыгаруу далалатынан майнап чыкпай келет. Эмне үчүн сот миллиондорду уурдагандарды үй камагына чыгарат да, чиедей эки баланын энесин камакка алат?

"Соодасы бүткөн" соттор
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:00 0:00

Суроо жараткан сот чечимдерине дагы бир мисал – Шахида Аманбаева. Ал 2010-жылдын соңунда адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деген шек менен тергөө абагына камалат. Анда ал болгону 17 жашта болчу. Шахида тергөө абагында жаткан учурда катуу стресске кабылып, тили булдуруктап, өз алдынча баса албай калат. Убагында укук коргоочулар анын тергөөчүлөр тарабынан аёосуз кыйноого кабылганын айтышкан.

Ошентип Шахида сот чечимин күтүп тергөө абагында туура 3,5 жыл отурду. Ал камактан чыккандан кийин эки ай дарыланып араң өзүнө келген. Эми минтип уулдуу болуп бакытка бөлөнүп отурат.

"Соодасы бүткөн" соттор (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00

Биз жогоруда күдүк жараткан сот чечимдерине байланыштуу карапайым гана адамдардын тагдырын көрсөттүк. Соттон адилеттик күтүп, үч-төрт жылдап темир тор артында отургандар муну менен чектелбейт. Соттон сотко чуркап жүрүп, бүтүндөй өмүрүн өткөргөндөр да жок эмес.

Эгер айыпталуучу же шектүү адам аткаминер, саясатчы болсо сот чечимдери дароо кубулма мүнөз алат. Бири ак туруп камакка алынса, дагы бири тоодой күнөөсү туруп суудан кургак чыгат.

"Соодасы бүткөн" соттор (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:59 0:00

2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин соттордун көз карандысыздыгын камсыздоо максатында Сотторду тандоо кеңеши жана Соттор кеңеши түзүлгөн. Бирок бул органдар кайрадан эле Жогорку Кеңеш жана президентке түздөн-түз байлангандыктан соттордун көз карандысыздыгы жөнүндө сөз кылуу кыйын. Мындан беш жыл мурда башталган сот реформасынан эмнеге майнап чыкпай жатат?

Анткен менен бүгүнкү бийлик сот реформасы ырааттуу жүрүп жатат деп ишенет.

XS
SM
MD
LG