Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:47

Кыргызстанда сот бийлигинин көз карандылыгы, коррупциялашканы чечилбеген маселе. 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин башталган сот реформасы кыйрап, абалды түздөөнүн жолу катары Жогорку Соттун президиумун түзүү аталууда. Бирок бул мурда басып өткөн жол катары бааланып, анын келечегине ишенбегендер арбын.

Кыргызстанда сот бийлиги ар дайым аткаруу бийлигине көз каранды болуп келген. Аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлиги сотторду дайындоо жана кызматтан алуу рычагдары аркылуу бекем бучкактап, алардын эркин болушуна жол бербей келатат.

2010-жылдагы ыңкылаптан кийин соттордун көз карандысыздыгын камсыздоо максатында Сотторду тандоо кеңеши жана Соттор кеңеши түзүлдү. Бирок бул органдар кайрадан эле парламент жана президентке байлангандыктан соттордун көз карандылыгы жөнүндө сөз кылуу кыйын. Айрым соттор бийликти канааттандырбаган чечим кабыл алып, сот бийлигинен айдалганы буга ачык далил.

Маселен, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду актаган Бишкек шаардык сотунун судьялары Курманкул Зулушев жана Медербек Сатиев дароо кызматынан бошотулган.

Экинчи мисал катары, Конституциялык палата жана анын айрым судьяларына карата жасалган басымды атоого болот. Конституциялык палата быйыл жыл башында “мамлекеттик кызматкерлерге кылмыш ишин прокуратура гана кылмыш ишин козгой алат” деген чечиминен кийин бийликтин каарына кала баштады. Бийлик Конституциялык палата мындай чечими менен УКМКнын алдындагы Антикоррупциялык кызматтын ишине тоскоолдук жасалат деп жаалы келген. Бул чечимден кийин Конституциялык палатаны жоюу же алсыратуу боюнча аракеттер жасала баштады. Ал аракеттин натыйжасында Конституциялык палата сот адилеттүүлүгүн ишке ашыруучу эмес, кеңеш берүүчү гана органга айлана турган болууда.

Бийлик менен Конституциялык палатанын айрым судьяларынын ачык кагылышуусу “Биометрикалык маалыматтар жөнүндөгү” мыйзамга байланыштуу да чыкты. Бул мыйзам Конституцияга туура келбейт деп чечим чыгарган Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулова Соттор кеңеши, президент жана парламент тарабынан өтө уюшкандыкта жана тез кызматтан алынды. Чындыгында "соттор чыгарган чечими үчүн жооп бербейт" деген конституциялык талап бар.

Сотторду тандоо кеңешиндеги коррупциялык жаңжалдар болсо аны коррупциянын уюгу катары элестетип калды.

Сот системасындагы мына ушундай абалды Конституциялык реформа аркылуу Жогорку Соттун жетектөөчү органын - президиумду түзүү жана Жогорку Соттун жетекчилигин дайындоону өзгөртүү аркылуу жетишүү максаты коюлууда.

Курманбек Осмонов

Курманбек Осмонов

Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин мүчөсү, Жогорку Соттун мурунку төрагасы Курманбек Осмонов сунушталган Конституциялык реформада сот системасын өзгөртүү эскини кайтарып келүү катары баалады:

- Шайлоонун мөөнөтүн, шартын өзгөртүп койгондон реформа алдыга жылып кетпейт. Экинчиден, муну жаңылык катары киргизип атышпайбы. Бул жаңылык эмес. Аны көп жолу баштан өткөргөнбүз. Анан президиум боюнча, муну дагы соттук реформада жаңы көрүнүш катары киргизгиси бар. Аны Конституцияга өзгөртүү киргизбей эле, “Жогорку Сот жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү” мыйзамга киргизип койсо болот.

Курманбек Осмонов соттордун чыныгы көз карандысыздыгына жетишүү үчүн аларды эл аркылуу шайлоого жетишүү зарыл дейт. Анын айтымында, азыркы шартта соттор кызматтан алып коёт деп коркуп, мыйзамды коргой албай, саясий агымга туура келген чечимдерди чыгаруу менен отуруп калды.

Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев Жогорку Соттун президиумун түзүү менен реформаны ишке ашырабыз дегендин өзү туура эмес дейт:

- Жалгыз президиумду түзүү менен бүт сот бийлигин реформалайбыз деген болбойт. Президиум деген орган, ал кошумча бир структура. Бизде сот системасында толук коррупция болуп атат. Бийликке кол бала сот керек. Өзүнүн каалаганын кылдырган, каалаганын айттырган. Ал көрүнүп турат. Сот бийлигин реформалоо үчүн бүт укук системасын реформалоо керек. Бүт укук системасын реформаламайын сот бийлигин реформа кылам деген болбогон нерсе.

Конституция киргизилип жаткан жаңы өзгөрүүдө Жогорку Соттун төрагасын жана орун басарларын президенттин сунушу менен парламент шайлары белгиленген. Мындай мүнөздөгү өзгөртүү кабыл алынса, формалдуу түрдө болсо да көз карандысыздыкка ээ болуп турган Жогорку Соттун жетекчилиги аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинин кол алдында калары айтылууда. Азыркы жобого ылайык Жогорку Соттун жетекчилигин судьялар өздөрүнүн ичинен үч жылдык мөөнөт менен шайлап алышат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG