Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:21

Ош: адам сатууга каршы күрөштүн америкалык ыкмасы сунушталды


Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин эксперти «адам сатуунун алдын алуу жана аны менен күрөшүү» мыйзамын эффективдүү аткаруу үчүн бир нече ведмостволордун адистеринен топ түзүүнү сунуштады. Эксперт Салтанат Бараканованын пикиринде, адам сатууга каршы чек ара, бажы, ИИМ, социалдык өнүктүрүү, миграция жана бейөкмөт уюмдун өкүлдөрүнөн куралган «атайын топ» түзүү керек. Ал топ адам сатуунун алдын алуу менен бирге аныкталган факты боюнча ар тармактуу аракетти туура уюштурууга жардам берет.

Эксперттин айтымында, мындай тажрыйба АКШда эффективдүүлүгүн көрсөткөн.

«Адам сатуунун алдын алуу жана аны менен күрөшүү» тууралуу мыйзам Кыргызстанда кабыл алынганына 10 жылдан ашса да аткарылышы жакшы уюштурулган эмес деп сындалып келет. Адам сатуу фактысы боюнча ички иштер органдары тарабынан жыл башынан бери Кыргызстанда беш кылмыш иши катталган.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча Кыргызстанда 2002-2015-жылдар аралыгында 1482 адам адам сатуунун курмандыгы болгонун айтып, уюмга кайрылышкан.(YI/ZKo)

XS
SM
MD
LG