Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Таш-Көмүрдө кармалган жарандын жакындары прокуратурага кайрылышты


Шаардын 25 жаштагы тургуну Айтур Камчыбековду ур-токмокко алышкан төрт милиционердин үстүнөн анын жакындары прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу “Азаттыкка” жабырлануучунун агасы Айбек Үсөнбаев билдирди.

“4-августтун кечинде борбордук базарда милиция менен пикир келишпестик жаралып, натыйжада иним Айтурду опер топ кармап кетишип, сабап салышкан. Учурда ал шаардык ооруканада дарыланууда”, деди Үсөнбаев.

Ал эми Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмү бул маалыматтарды четке кагып, Айтур Камчыбеков коомдук жайда мас абалында тартипти бузуп, милиция кызматкерлерине кол көтөргөнү үчүн кармалып, административдик жаза үчүн протокол толтурулганын ырастады.

Ички иштер кызматынын маалымашынча, Айтур Камчыбеков мурда бейбаштык жана зордуктоо фактылары боюнча сот жообуна тартылган. Учурда административдик иш козголуп, сотко жөнөтүлдү. (RsK)

XS
SM
MD
LG