Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:52

Асанов: “Эгемен Кыргызстанга” курултай өткөрүүгө имарат бербей жатышат


Бектур Асанов
Бектур Асанов

“Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын лидерлеринин бири Бектур Асанов курултай өткөрүүгө өкмөт имарат бербей жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, партиячылар Тарых музейин, филармониянын кичи залын же Улуттук китепкананын залын берүүнү суранып, апта башында Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылышкан. 12-августта китепканада жыйын курууга уруксат беришип, бирок 13-август күнү андан айнып калышкан.

-Эгер мамлекеттик имараттарда курултай өткөрүүгө уруксат беришпесе, Ала-Тоо аянтында же эски аянтта ачык асман алдында жыйын куруу максатында мэрияга билдирүү беребиз,- деп билдирди Б. Асанов.

Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов эч кандай бут тосуу болбогондугун, китепканада оңдоо иштери жүрүп жатканын белгилеп, алдын-ала пландалган жыйындар болгон учурда гана ал жер башкаларга берилбестигин билдирди. Министр партия лидерлеринен жеке өзүнө эч кандай кайрылуу түшө электигин кошумчалады.

“Эгемен Кыргызстандын” курамында Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров бар. Алар курултайды 17-18-август күндөрүнүн биринде өткөрүүнү болжошкон. (SE)

XS
SM
MD
LG