Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:01

ЕБ министрлери мигранттар кризисин талкуулайт


Сербия -- Каттоо үчүн кезекте турган качкындар. Прешево, 11-сентябрь, 2015.
Сербия -- Каттоо үчүн кезекте турган качкындар. Прешево, 11-сентябрь, 2015.

Брюсселде бүгүн Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн ички иштер министрлери миграция кризисин жөнгө салуу боюнча жыйынга чогулат. Анда Европа Комиссиясынын башчысы Жан-Клод Юнкердин ЕБ өлкөлөрүндө жакынкы эки жыл ичинде мигранттарды жайгаштыруу боюнча сунушу каралат.

Жекшембиде Германия качкындардын агымын чектөө үчүн Австрия менен чек арасында көзөмөлдү күчөттү.

Венгрия полициясы кечээ, 13-сентябрда эле өлкөгө 5 809 качкын киргенин билдирди. 15-сентябрдан тарта бул өлкөдө миграциялык жаңы эреже иштей баштайт. Мурдагыдан бир топ катаалдатылган миграциялык мыйзамдарда Венгрия чек арасынан мыйзамсыз өткөндөрдү камоого чейинки жазалар каралган.

Соңку маалыматтарга караганда, быйыл жыл башынан бери Европа Биримдигинин аймагына жарым миллиондой качкын кирди. Алардын негизги бөлүгүн согуш оту өчпөй жаткан Сириядан чыккандар түзөт.

XS
SM
MD
LG