Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Жеңил атлетчи Дарья Маслова Олимпиадага жолдомо алды


Дарья Маслова кезектеги сыйлыгын алууда
Дарья Маслова кезектеги сыйлыгын алууда

Кыргызстандык жеңил атлетчи Дарья Маслова 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.

Маслова 19-сентябрда Ташкентте аяктаган Өзбекстандын жеңил атлетика боюнча ачык чемпионатында 10 чакырым аралыкка чуркап 32 мүнөт 14 секунда менен экинчи орунду ээлеген. Бул жетишкендик менен Олимпиада жолдомосун алууга норматив аткарылды.

Буга чейин Кыргызстандан Олимпиада лицензиясына жеңил атлетчи Юлия Андреева жана грек-рим күрөшүнүн балбаны Арсен Эралиев ээ болгон. (ECh)

XS
SM
MD
LG