Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Сариев: Кыргызстанда сөз эркиндиги бар


Премьер-министр Темир Сариев Кыргызстанда маалымат каражаттары эркин деп белгилеп, “аларды эч ким кыскан жок, цензура жок. Шайлоодо да эч кандай кысым-басым жок, бардыгына бирдей шарт түзүлдү” деген сөзүн 22-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан коррупцияга каршы кеңештин жыйынында айтты.

Өкмөт башчы эң башкысы коррупция менен күрөш жүрүп жатканын белгилеп, өлкөдө чечимдердин бардыгын мамлекеттик органдар гана кабыл алып жатканын кошумчалады. Сариевдин айтымында, саясаттагы атаандаштык, парламенттик башкаруу системасы тазаланууга алып баратат.

Байкоочулар болсо “Вечерний Бишкек” басылмасынын сот аркылуу мурдагы ээсинен алынышын, Дайыр Орунбеков, Уран Ботобеков сыяктуу бир нече журналисттердин сот жообуна тартылып жатканын Кыргызстанда сөз эркиндигине жасалган кысым катары баалап келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG