Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:24

Саудияда тебелендиде калып өлгөн зыяратчылар саны 220га чыкты


Сауд Арабиясында ажылык сапар учурунда тебелендиде калып өлгөн зыяратчылардын саны 220га жетти. Мындай кабарды өлкөнүн атуулдук коопсуздук кызматы Твиттерге жарыя кылды. Кырсык бүгүн Мекеден алыс эмес Мина өрөөнүндө болду.

Ошондой эле 500 киши жаракат алганы кабарланууда. Курман айт күнү миңдеген зыяратчылар Арафат тоосуна чыгып, Каба ташын айланып сыйынышат.

Расмий бийликтер быйыл 164 өлкөдөн Сауд Арабиясына 1,3 миллион адам мусулмандык парзын аткаруу үчүн ажылык зыяратка келишкенин билдиришкен (BCh).

XS
SM
MD
LG