Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Абактан качкандарды издөө натыйжа бере элек


Бул тууралуу ички иштер министрлигинен 19-октябрда кабарлашты. Маалыматка караганда, издөө аймагы кеңейтилди. Милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын айлана-тегерегин, Сокулук жана Аламүдүн райондорунда күчөтүлгөн тартипте издөө иштерин жүргүзүүдө.

19-октябрда мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Мелис Турганбаевди кабыл алып, абактан качкандарды тезирээк табууну тапшырды.

Милиция кызматкерлери Дордой жаңы конушунда абактан качкандардын бири Данияр Кадыралиевди атып өлтүргөн. Ал эми анын шериги Азамат Мүсүралиев карматпай кеткен.

12-октябрга караган түнү Чүй облусунда жайгашкан №50 абактан тогуз кылмышкер качып, анын бешөө дароо кармалган. Үчөөсүн издөө улантылууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG