Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:51

Башкы прокуратура: Төрөбековдун дипломуна байланыштуу иш жанданат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Өткөн чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Нурлан Төрөбеков үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчи деген чин алуу үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөнү тууралуу дипломун тапшырып, кийин ал жасалма экендиги аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, бирок аны жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү боюнча Башкы прокуратуранын сунушун Жогорку Кеңеш колдогон эмес. Башкы көзөмөл орган Нурлан Төрөбеков депутат болбой калган соң, ал иш дагы жанданарын билдирүүдө.

Ушул аптанын башында "Кыргызстан" партиясынан депутат болуп шайланган Кубанычбек Нурматовго байланыштуу кылмыш ишин Башкы прокуратура кайра жандандырган. Депутат жасалма документ менен жогорку окуу жайына өткөн деп алдамчылыкка шектелүүдө.

Депутат Кубанычбек Нурматов болсо өзүнө карата айтылып жаткан маалыматтар жаңылыш деген пикирде. (КЕ/AzK)

XS
SM
MD
LG