Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Нью-Йорктун бийлиги элди тынчтандыруу аракетинде


Нью-Йорк шаар башкармалыгы бул шаарга карата террордук сокку болот деген видео таркап кеткенден кийин чочулаган элди тынчтандыруу аракетине киришти.

Шаар мэри Билл де Бласио жана полициянын комиссары Уиллям Бэйттон бүгүн басма сөзгө таркап кеткен видеонун негизсиз экенин жарыялашты.

Де Бласио шаардыктарды кадыресе жашоосун мурдагыдай эле уланта берүүгө чакырды.

Мэриленддеги SITE чалгындоочу тобу согушкерлер тарткан 6 мүнөттүк видеону чыгарып, анда Нью-Йорктун эл жыш жайгашкан Manhattan жана Times Square аянттарында теракт болот деген коркутуу чыккан.

Бирок видеодогу көп кадрлар Парижде узаган аптадагы 129 киши мерт кеткен террордук чабуулду көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG