Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Күздө күчөгөн ысырапкорчулук


Үлпөт тойдо катар-катар унаа менен сейилге чыгуу модага айланды.
Үлпөт тойдо катар-катар унаа менен сейилге чыгуу модага айланды.

Кыргызстанда күздө кызыган той-аштар быйыл жылдагыдан да шаанилүү болуп, ысырапкорчулук көбөйүп баратат деген пикирлер көбүрөөк айтыла баштады. Коомчулуктун көз кырындагы бул маселе бүгүн “Азаттыктын” апта темасына чыгарылып жатат.

Баткенде бир жылда той-топурларга сарпталган каражат 5 млрд. сомдон ашарын экономисттер эсептеп чыгышкан. Жума башында эле Кадамжай районунун Кызыл-Коргон айылынын тургуну, пенсионер Жолдошбай аксакал неберелерине сүннөт той берип, 45 үйгө конок сыйлап, алтымыштай мал-жандык сойду. Улак тартыш уюштуруп, баш байгеге автоунаа сайылган. Эч жерде иштебеген, дыйканчылык менен алектенген үй-бүлөнүн тоюна кабарчыбыз Жеңиш Айдаров да катышып келген.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
Түз линк

Нарында куда тосуп же кудага баргандардан “канча кой жедиңер?”, канча эт тартылды? деген суроолор кудаңдын алы канча экен деген суроого тете болуп калды. Акыркы жылдары пайда болгон шартка ылайык азыр мал киндиктүү Нарында куда кеминде бир жарым күн сыйланып, алдына 15-20 жолу эт тартылууда. Колунда жоктор арасында элден калбайлы деп карызга той өткөргөндөр бар. Аймактан кабарчыбыз Мирлан Кадыров ушундай тойлордун бирине катышып келди.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:24 0:00
Түз линк

Ошто үлпөт тойдо катар-катар унаа менен сейилге чыгууну бийликтер ооздуктайбыз дегени менен бул адат азайган жок. Тескерисинче жылдан-жылга жаңы үлгүдөгү унаалар менен шапар тебүү модага айланууда. Той ээлери талап кылгандыктан, айдоочулар да сезон сайын автолорун алмаштырууга аргасыз. Бирок жаңы үлгүлөрдүн акысы да кымбат. Натыйжада тойдо чыгашалар дагы көбөйүүдө. Оштон Эрнист Нурматов жаңы модадагы унааларга канча чыгым кетип атканы тууралуу айтып берет.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:46 0:00
Түз линк

Бүгүнкү күндө Бишкектеги кафе-ресторандарда өтүп жаткан тойлорго орто эсеп менен беш миң доллардан он миң долларга чейин каражат сарпталат. Той ээлеринин айрымдары элден түшкөн кошумча менен кетирген каражатын кайтарып алса, айрымдары жумшалган чыгым акталбай карызга батып каларын айтышат. Ресторанда той берген жана тойго барган адам канча чыгым тартары тууралуу кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов баяндайт.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:35 0:00
Түз линк

Анткен менен тойдун эрке баласы же эрке кызы атыккан тамадалар тойлордо кызмат көрсөтүү бир жагынан анын кызыктуу өтүшүн шарттаса, экинчи жагынан тойлор далай жарандарды иш менен камсыздап жатканын айтышат. “Алып баруучулар гильдиясынын” мүчөсү, белгилүү телерадио алып баруучу Салтанат Саматова кабарчыбыз Сабыр Абдумомуновго азыркы тойлордун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:39 0:00
Түз линк

Той-аш, мааракелерге кеткен чыгымдарды азайтууну азыркы бийлик атайын токтомдор аркылуу милдеттендирбегени менен, азыр жер-жерлерде мындай демилгелер иштеп жатат. Ага баам салган эксперттер той-аш, мааракелерде ысырапкорчулукка жол бербөө маселесине мамлекеттик деңгээлде көз салып, атайын программа иштеп чыгуу керек деген ойлорун ортого салууда. Теманы Жалал-Абаддагы кабарчыбыз Руслан Калматовдун материалы улантат.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:12 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG