Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:19

Жаш кызды Сирияга сүйрөгөн сүйүү


Варвара Караулова
Варвара Караулова

Москвалык 19 жаштагы студент кыз Сириядагы “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулмакчы болгон жеринен кармалышы быйыл жайда орус коомчулугун дүң түшүргөн окуялардын бири болгон.

Азыр ал тергөө абагында. Тергөө органдары студент кыз террордук топко кошулууга ниеттенгенин мойнуна алганын айтса, атасы кызынын эч кандай күнөөсү жоктугун, ал болгону адашып, бирөөлөрдүн торуна чалынып калганын билдирүүдө.

Кызын жоготкон ата-эне

Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетинин экинчи курсунда окуган Варвара Караулова быйыл жайда Түркия-Сирия чек арасынан кармалып, Орусияга кайтарылган.

Май айынын соңунда бир ата-эне 19 жаштагы Варвара аттуу кызынын дайыны чыкпай жатканын, ал уурдалып кетиши мүмкүндүгүн айтып арызданат. Көп өтпөй Варвара интернет аркылуу таанышкан ашыгына жетүү үчүн Стамбулга учуп, ал жактан Сирияга өтүүгө бел байлаганы белгилүү болот. 4-июнда ал Түркия-Сирия чек арасындагы Килис деген шаардан кармалат. Кыз орусиялык 14 кишиден турган топтун курамында болот. Кийин атасы жана Интерпол кызматкерлеринин коштоосунда Москвага кайтат.

Бул окуядан соң ал көптүн көзүнөн далдаланыш үчүн аты-жөнүн Александра Иванова деп өзгөртөт. Өткөн айдын соңунда, 29-ноябрда ал 20 жашын жакындарынын жана досторунун коштоосусуз Москванын Лефортово тергөө абагында тосту. Сабагын мыкты окуп, алдыңкы студенттердин бири болгон бул кыз “Ислам мамлекети” террордук тобунун торуна кантип чалдыккан?

Бул суроого жооп табуу үчүн “Азаттыктын” орус кызматы анын атасы Павел Карауловду сөзгө тартты.

Ал кызы качандыр бир кезде ушундай кадамга барат деп эч качан ойлобогонун, ага негиз да болбогонун айтат. Варвара мектепти алтын медаль менен аяктап, Москва мамлекеттик университетине өтөт. Атасы ошол жылдары АКШда окуп, иштегендиктен Варваранын тили чыккандагы алгачкы чөйрөсү англис тилдүү болот. Ошентип секелек кыз англис жана орус тилдерин бирдей өздөштүрөт.

Мектепте окуп жүргөндө француз тилине кызыгып, бул тилде да мыкты сүйлөгөнгө жетишет. Кийинчерээк араб тилине кызыга баштайт. Анан интернет аркылуу дос күтүп, виртуалдык дүйнө аркылуу кимдир бирөө менен тыгыз катыша баштайт. Азыр ал Түркияга кетерден жарым жылдай мурда мусулманча узун көйнөк кийип, жоолук салынып калганы да айтылууда.

Атасы анын жоголгонун 28-майда гана билет. Ал аялы экөө ажырашып, он жылдан бери эки башка жашачу экен. Бир күнү мурдагы аялы чалып, кызы атамдыкына туруп келем деп кеткен бойдон дайынсыз экенин айтат. Мурда-кийин кызынын минтип алдаганын укпаган ата буга таң калып, чуу түшүп жатып калышат. Акыры ал кызын табуу амалында Түркияга жол тартат.

Павел Караулов
Павел Караулов

- Бул болжолдогондон мурда ушундай болушу ыктымал деген сценарий эле. Мен кызымды издей баштаганда Орусиядагы эле эмес, башка жактардагы досторум да Фейсбукка жазып, азыр Түркияга барып эле токтоп калбай, андан ары да сапарын улап жаткан адамдар көбөйүп жатканын айта башташты. Ушундай сөздөр мени Түркияга алып барды. Ал жакта мен зарыл болгон инстанциялардын баарын кыдырдым. Анан бир күнү Стамбулдагы орус консулдугунан Түркия-Сирия чек арасында адамдардын тобу кармалганын, алардын арасында Варвара да болушу мүмкүндүгү тууралуу кабар алдым. Барсам чек ара аймагында кармалып, качкындар лагерине жайгаштырылган топтун арасында менин кызым да жүрөт. Ал топто негизинен аялдар, балдар, анан эки-үч эркек киши бар экен. Бул топ каякка жана эмне үчүн жөнөгөнүн эч ким билбейт. Аларды чек арачылар кармап, миграция кызматына өткөрүп беришиптир. Жанында тиешелүү документтери жоктугунан кармалышкан экен.

Варвара Түркияга кантип келген?

Варвара Караулова ата-энеси менен мектепти бүтүрүү кечесинде
Варвара Караулова ата-энеси менен мектепти бүтүрүү кечесинде

Павел Караулов андан ары Түркияда кызы менен жолугууга алгач беш мүнөт гана беришкенин, анын төрт мүнөтүн кызы ыйлап өткөрүп, калган соңку мүнөтүндө жанындагы наристелерге оюнчук жана мөмө-жемиш алып келүүнү өтүнүүгө гана үлгүргөнүн, бирок кийин кызы алдамчы сезимге жетеленгени белгилүү болгонун айтат:

- Ал “Менде баары жакшы, мени кечиргиле” деген кат жөнөткөн. Табылгандан кийин гана жалындаган жаштык сүйүүсү ушуга түрткөнүн, арзыган адамына жетип, баш кошкусу келгенин айтты. Ал Стамбулга учуп келгенде түшө турган машинесинин номери, өзүн кандай алып жүрүшү тууралуу жазылган көрсөтмөсү бар экен. Аны тосуп алгандар улам бир машинеге салып отуруп, чек арага алып келишкен экен. Ал көрсөтмөнүн баарын интернет аркылуу алыптыр. Кызым сүйгөн жигити баарын уюштуруп, паспорт даярдагандан тарта билет сатып алганга чейин жардам бергенин айтты.

Варвара Караулова ити менен
Варвара Караулова ити менен

Москвага кайтып келген соң Варвара жана атасы федералдык коопсуздук кызматы менен тыгыз кызматташа баштайт. Алардын көзөмөлү астында кыз баягы арзышкан “жигити” менен кат алышууну улантат. Атасы муну менен бейкапар адамдарды ар кандай айла-амал менен азгырып, террор торуна тарткандардын жүзүн ачууну көздөшкөнүн айтат.

Кызды азгырган Владислав деген атка жамынган 25 жаштардагы жигит экени, түбү Казандан болору билинет. Мурдагы кат алышууларды текшерүүдө алар үч жылдан ашык сүйлөшкөнү, алгач сүйүктүү футбол командасы, жакшы көргөн музыкалары тууралуу сөз кылышып, кийинчерээк ислам кызыкчылыктарын кепке кошо баштайт. Бара-бара жигит жолугушуу сунуштаганга өтөт. Кыз алгач бул сунуштан баш тартып жүрүп, кийинчерээк эки жаш бири-бирин түшүнүп, ортодогу мамиле олуттуу экенин сезгенде гана кездешип, андан ары кол кармашууну шерттейт. Ошентип бул виртуалдык сүйүү кызды акыры Сирияга сүйрөп жөнөгөн экен.

Варвара бир канча айдан кийин камакка алынды...

Бирок кийинки текшерүүлөрдө зымсыз байланыштын ары жагындагы жигит бирөө эмес, бир канча экени, бир эле IP дарекке жашынгандар ар кандай ыкма менен кыздын башын айлантып келгени белгилүү болот. “Бул канчалык аныкталып, документтештирилгенин билбейм. Бирок жазылган каттардагы ой жүгүртүүлөрдүн ар башкалыгы, жазуу стилдери муну айгинелеп турат”, - дейт Павел Караулов. Анын айтымында, махабатка мас болгон кызы учурунда аны таназар албаган экен.

Варвара Караулова (оңдо) классташтары менен. 2012-жыл
Варвара Караулова (оңдо) классташтары менен. 2012-жыл

Кыздын ата-энеси ошентип анын университеттеги окуусун калыбына келтирип, баары мурдагы абалга түшүүсүн каалайт, коопсуздук кызматынын айтканына макул болот. Бирок ар бир кадамы көзөмөлдө турган кызы сентябрь айында баарынан көңүлү калганын, чарчаганын, кимдир бирөөлөрдүн оюнчугу болуудан тажаганын айтып, интернет байланыштарын токтотот. Ноутбук, планшет, смартфон сыяктуу байланыш куралдарын ата-энесине берип, сейфке бекиттирип салат. Бир айдан кийин күч органдарынын өкүлдөрү Варвараны үйүнөн кармап кетишет. Атасы алар үчүн бул күтүүсүз болгонун айтууда:

- Биз тууралыгыбызга толук ишенебиз жана бул ишти аягына чыгаруу үчүн бар күчүбүздү жумшайбыз. Варваранын эч кандай күнөөсү жок. Камакка алынардан бир ай мурда эле ФСБнын көзөмөлүндө турганына карабай, байланышуудан өз ыктыяры менен баш тартышы буга айкын далил. Мен биз укуктук мамлекетте жашап жатканыбызга мурдагыдай эле ишенем жана бул коркунучтуу чиеленишкен жагдай тез эле жайгарыларына үмүт артам.

Ошентип Варвара Караулова азыр Москванын Лефортово тергөө абагында кармалууда. Атасынын айтымында, азыр ага кандай айып тагылып жатканы белгисиз, тергөөчүлөр кызына адвокаттарын жолотушпай, азырынча иштин материалдарын да көрсөтпөй жатышат.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG