Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Сирия боюнча жаңы сүйлөшүүлөр январда жүргүзүлөт


Беш жылдан бери уланып келаткан Сириядагы жаңжал 25 миңдей адамдын өмүрүн алды.
Беш жылдан бери уланып келаткан Сириядагы жаңжал 25 миңдей адамдын өмүрүн алды.

Бул тууралуу Улуттар Уюмунун Женевадагы өкүлү Майкл Моллер бүгүн журналисттерге кабарлады. Ал сүйлөшүүлөр Швейцарияда өтөөрүн белгилегени менен канчасында болоорун так айткан жок.

18-декабрда Уюмдун Коопсздук Кеңеши кийинки айда Сирия бийлиги менен оппозициясы ортосунда сүйлөшүүлөр өтүшүн бир добуштан жактырган. Анда жыйынга Араб лигасынын, Еврошаркеттин, БУУнун жана 17 мамлекеттин өкүлдөрүнөн турган Сирияны колдоо боюнча жаңы эл аралык топтун өкүлдөрү чогулган.

Эки апта мурда Сауд Арабияда өткөн ушул эле тема боюнча кеңешмеде Асаддын өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү үчүн Сириянын оппозициячыл топторун бириктирүү жагы макулдашылган. Эр-Риядда уюштурулган эки күндүк жыйында Сириянын оппозициялык саясий альянс менен улуттук координациялык комитетинин өкүлдөрү бир үстөлдө отурушкан.

Беш жылдан бери уланып келаткан Сириядагы жаңжал 250 миңдей адамдын өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG